Жарыяланган 26/04/2022
Биз мамлекеттик органдарда «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү боюнча иштерди жигердүү улантып жатабыз

 

⠀2022-жылдын 25-апрелинен 27-апрелине чейин айыл өкмөттөрүнүн жана бардык региондордун райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары үчүн системада натыйжалуу иштөө көндүмдөрүнө ээ болуу боюнча маалыматтык-окутуучу тренингдер өткөрүлөт.

⠀Окутууну өткөрүү үчүн республикадыгы Жогорку окуу жайлардын имараттары тартылган.

⠀Тренерлер катары аталган шаарлардын КТБнын жетекчилери жана кызматкерлери тартылган, алар «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөгө окутушат.

⠀Бул мамлекеттик билим берүү программасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде кагаз түрүндөгү документ жүгүртүүнү жокко чыгарууга багытталган.

⠀Ошондой эле тренингдердин алкагында "Е-Кызмат" жана "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү боюнча суроо-жооп форматында иш-чаралар өткөрүлөт.