Жарыяланган 22/04/2022
МСКке отчетторду тапшыруу үчүн электрондук булут кол тамгасын кайдан алуу керек?

Юридикалык жактар жана жеке адамдар электрондук булут кол тамгасын (ЭБК) электрондук форматта салык кызматына отчетторду тапшыруу үчүн алууга карата, ири Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Мында, белгилеп кетүү керек, электрондук булут кол тамгасы азыркы мезгилде акысыз түрдө берилет. Кененирээк маалыматты infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн алууга болот.

Юридикалык жактар үчүн документтер тизмеги:

«Инфоком» МИсинин КБ Регламентине кошулуу жөнүндө Макулдашуу (макулдашууну infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн көчүрүп алууга болот);

юридикалык жактардын өкүлдөрү үчүн КБ Колдонуучусунун ишеним каты (ишеним катты infocom.kg сайтынан «Биздин КБ» бөлүгүнөн көчүрүп алууга болот);

колдонуучунун паспортунун көчүрмөсү (оригинал өзү менен алынып келүүгө тийиш);

ыйгарым укуктуу адамды кызмат ордуна дайындоо жөнүндө уюмдун буйругунун көчүрмөсү;

уюмдун жетекчисинин дайындалышы тууралуу буйруктун көчүрмөсү;

юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.

Жеке адамдар жеке өздөрү кайрылуулары жанапаспортун ала келүүсү керек.