Жарыяланган 16/04/2022

"Инфоком" МИнин жетекчилиги жана кызматкерлери "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында "Ынтымак"Борбордук паркынын аймагына 100 карагай жана кайың көчөтүн отургузушту.

"Инфокомдун" директору Рыскулбек Осмоналиев бул кампанияны өткөрүү бүтүндөй өлкөбүздүн экосистемасын жакшыртууга реалдуу салым экендигин белгиледи.

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Тоону туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын жана Кыргызстанда тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында башталган.

Белгилей кетсек, "Инфоком" ми тарабынан жашылдандыруу жана ишембиликтерди өткөрүү боюнча иштер бүткүл өлкө боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин катышуусу менен уюштурулду:

- Калкты тейлөө борборлору;

- Мамлекеттик персонификациялоо борбору;

- Телефон тейлөө борбору;

- Мамномерлерди даярдоо боюнча борбор.