Жарыяланган 05/04/2022
2022-жылдын 1-апрелинен тартып Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун кызматтары пилоттук режимде толукталды

Камсыздандырылган адам КТБ аркылуу төмөнкү кызматтарды алууга арыз бере алат: пенсия дайындоого;

пенсияны кайра эсептөөгө;

пенсиянын өлчөмү жөнүндө маалымкат алууга;

жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алууга;

пенсия төлөөнү узартууга;

сөөк коюуга ырым - жырым жөлөкпулун алуу боюнча;

пенсияны төлөө каналын алмаштырууга;

пенсиянын топтоо бөлүгүнө;

Ошондой эле пенсиялык күбөлүктү берүү каралган.

Бишкек ш. КТБнын даректери:

КТБ-1: 12 мкр., Нуркамал Жетикашакаева көч. 29;

КТБ-2: Чолпон-Ата көч. 2;

КТБ-3: Жаш Гвардия бул. 4;

КТБ-4: Жибек Жолу пр. 381.

Иштөө графиги саат 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу саат 12:30дан 13:30га чейин.

1202 - Соцфонддун сall-борбору

"Инфоком" МИсы КТБлердеги кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кеңейтүү көздөй иш алып барууда.