Жарыяланган 02/03/2022
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 1-мартта Чүй областында көчмө отурум өткөрүп, Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштери менен таанышышты

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 1-мартта Чүй областында көчмө отурум өткөрүп, Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иштери менен таанышышты:

Шопоков ш.

Панфилов р-ну

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков депутаттарга КТБнын утурумдук иш алып баруусу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

КР СӨМгө караштуу «Инфоком» МИнин директору Рыскулбек Осмоналиев ишке киргизилген автоматташтырылган тутумдарды көрсөттү, ошондой эле орун алган проблемалар тууралуу, алардын ичинен эң орчундуу маселе имараттардын жоктугу болуп санааларын айтты.

Депутаттар Панфилов районунун КТБсына барышты, ал жактан келген жарандар менен баарлашышты, алар калкка кызмат көрсөтүүнүн жакшырганын белгилешти.

Белгилей кетүү керек, Кыргызстанда бардыгы болуп 34 КТБ иш жүргүзүүдө.