Жарыяланган 11/01/2022
КТБлардын иш алып баруусу боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлдү

Декабрдын аягында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинин, түзүмдөрдүн жетекчилеринин жана улук операторлордун катышуусу менен КТБлардын иш алып баруусу боюнча жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлдү.

Эмне жасалды?

Жаңы форматта КТБлар ачылды:
Бишкек ш. КТБ-4;
Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун КТБсы;
Нарын областынын Ат-Башы а. КТБсы;
Ош областынын Ноокат а. КТБсы;
Баткен областынын Лейлек жана Кадамжай райондорундагы КТБлар;
Кара-Суу районунун КТБсы.

Бүгүнкү күндө республика боюнча бардыгы болуп жаңы форматтагы 31 КТБ жана Бишкек ш. 3 мини КТБ иш алып барууда.

Ошондой эле:
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында кызмат көрсөтүү процессинде идентификациялоо үчүн Face ID тутуму ишке киргизилди.

Биометрикалык жалпы жарандык паспорт берүүгө карата документтеди кабыл алуу жана тариздетүү башталды.

2021-жылдын 31-августуна чейин КРнын жарандарынын айрым категорияларына ID-карттарды акысыз негизде берүү боюнча улуттук кампания жүргүзүлдү.
Шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча БШК менен өз ара аракеттенишүү жүзөгө ашырылды.
Республиканын бардык КТБларында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин кыймылсыз мүлк жана жер объекттери жөнүндө маалымат бөлүгүндө кызматтарынан колдонууга мүмкүн болду.
2021-жылдын сентябрь айынан тарта КТБнын операторлору проблемалуу ИЖНдерди тариздетүүгө карата билдирмелерди кабыл алууга киришишти, алар андан ары иштеп чыгууга жөнөтүлүп жатышат.

2022-жылга карата кызматтардын сапатын жогорулатуу жана спектрин кеңейтүү боюнча, ишмердик катуу контролдоо, КТБларга мониторинг жүргүзүү, операторлордун билим деңгээлдерин жогорулатуу боюнча милдеттер коюлду.

Төмөнкү КТБларды ачуу пландаштырылууда:
Ново-Павловка а.;
Араван;
Түп;
Кызыл-Суу;
Кант;
Кемин.