Жарыяланган 25/11/2021
КР СӨМ: КТБ жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрү даяр паспортторду берүү үчүн дем алыш күндөрү иштейт.

Жарандардын КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдында кайрылууларынын жогорулашына байланыштуу, КР жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту eID-картасын алууга мурда кайрылган жарандар, даярдоо мөөнөтүнө ылайык, 2021-жылдын 27 жана 28-ноябрында бардык КТБ жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторун ала алышат.

Бардык КТБ жана калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүндө даяр паспортторду берүү саат 8.00 дөн 20.00 гө чейин жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, бул күндөрү даяр паспортторду берүү кызматы гана жеткиликтүү болот.

Паспорттун даярдыгы тууралуу маалыматты https://www.tunduk.gov.kg мамлекеттик кызмат порталынан, «Tunduk» мобилдик тиркемеси же КР СӨМ телефондук тейлөө борбору 119 кыска номери аркылуу алууга болот (бардык байланыш операторлорунан чалуулар акысыз кабыл алынат).