Жарыяланган 22/11/2021
Нарын областынын Мобилдик КТБсы областтаны эң алыскы жерлердин бири болгон Кара-Кужурдун жашоочуларын паспорттоштуруу боюнчан көчмө кызматтарды көрсөтүштү.

Кара-Кужур айылы Нарын шаарынын 150 километр аралыкта жайгашкан. Бул жердин климаттык шарттары Кыргызстандын бардык калктуу пункттарынын арасынан эң эле оор болуп эсептелет. Алыс жайгашуусу жана жолдордун абалы жашоочуларга КТБга барып каттоо кызматтарынан колдонууга мүмкүндүк бербейт.

Көчмө документтештирүү кызматтарынан колдонуп, Нарын областынын Кара-Кужур жана Лахол айылдарынын жашоочулары жоголуп кеткен жана жарактуулук мөөнөтү аяктаган паспортторун алмаштырууга документтерин беришип, ошондой эле каттоодон өтө алышты. Өзүнүн алгачкы паспортторун алууга карата 12 мектепокуучусу – ушул айылдардын жаш тургундары документтерин тапшыра алышты.
Мобилдик КТБнын коллективдүү баруусу төмөндөтүлгөн баалар боюнча, 11 жана андан ашуун адамдарга тариздетилди – 1 адам үчүн 355 сомдон.

Эскерте кетсек, коллективдүү көчмө документтештирүүнү бүткүл Кыргызстан боюнча 119 номери аркылуу заказ кылууга мүмкүн болот (чалуу акысыз).

Бишкек жана Ош шаарларындагы коллективдүү арыздарды кабыл алуу:

- 2ден 5 адамга чейин – 1 адам үчүн 806 сом.
- 6дан 10 адамга чейин - 1 адам үчүн 624 сом.
- 11 жана андан ашуун адамдар - 1 адам үчүн 441 сом.

Өлкөнүн ири шаарларында жана райондук борборлорунда:

- жекече баруу – бир адам үчүн 772 сом.
- 2ден 5 адамга чейин – 1 адам үчүн 633 сом.
- 6дан 10 адамга чейин – 1 адам үчүн 494 сом.
- 11 жана андан ашуун адамдар – 1 адам үчүн 355 сом.