Жарыяланган 04/10/2021
КР СӨМгө караштуу «Инфоком» МИсинде Covid-19га карата кызматкерлерди вакцинациялоо улантылууда

Бүгүнкү күнгө карата 200дөй адам вакцина алышты. Каалоочуларга алдын ала өнөкөт ооруларын жана вакцинага карата тийиштүү каршы көрсөтмөлөрүн аныктоо максатында медициналык кароолор өткөртүлдү.
Бардык кызматкерлер анкета толтурушту, алардын сатурациясы жана дене температуралары өлчөндү. Ден соолугунун абалы боюнча медициналык кароодон кийин 21 кызматкерге вакцинация жүргүзүүдөн баш тартылды.