Жарыяланган 26/08/2021

2021-ж. август айына карата InfoDocs электрондук документ жүгүртүү тутуму өнөр жайында колдонуу режиминде ишке киргизилген:

Алардын ведомство алдындагы бөлүнүштөрүн кошо алуу менен 821 мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, анын ичинде 228 айыл өкмөтүндө ишке киргизилген.

Мамлекеттик органдарда тутум ишке киргизилген учурдан тартып 1712000 документ каттоодон өткөрүлгөн.

Бардыгы болуп тутум ишке киргизилгенден тартып ЭДТдагы колдонуучулар саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32000 кызматкерин түзгөн.

e-Kyzmat

Бүгүнкү күндө e-Kyzmat АМТсына алардын бөлүнүштөрүн эсепке алуу менен 921 маморган, ошондой эле 264 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары туташтырылган.

e-Kyzmatтын базасында 55 миңден ашуун кызматкерлердин маалыматтары санариптештирилген, колдонуучулар саны дээрлик 3000 адамды түзөт.

e-Kyzmat КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери тууралуу маалыматтарды топтоого, сактоого жана талдоо жүргүзүүгө, штаттык тизим жөнүндө маалыматты берүүгө жана адам ресурстарын башкарууну оптималдаштырууга арналган.