Жарыяланган 23/08/2021
Жалал-Абад областында жаңы форматтагы КТБ иштей баштады

Жаңы форматтагы заманбап Калкты тейлөө борбору Жалал-Абад шаарынын Алыкулов көч., 1 дарегинде ачылды.

          Бул Кыргызстандагы областтык деңгээлдеги эң ири КТБлардын бири. Ал айына 40 миңден ашуун адамдарды тейлей алат. 2020-жылы КТБ Жалал-Абад шаарынын жарым миллиондон ашуун жашоочусун тейлеген эле.

        Мурдараак 2011-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы аянты 478 чарчы метрди түзгөн КТБ ачылган эле, бул документ алуу үчүн келүүчүлөргө абдан деле ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алган эмес. Жаңы КТБнын жалпы аянты 700 чарчы метрге жакын.

         Жаңы КТБ «open space» форматында иш алып барат, мында жетекчинин жана кызматкерледин жумуш орундары документтерди кабыл алуучу жалпы залда жайгашкан. КТБда туруу үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Электрондук кезек, иштерди контролдоо үчүн видеокамералар бар. Имарат консультация берүү зонасына, күтүү залына жана документтерди кабыл алуу зонасына бөлүнгөн. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарттар дагы караштырылган.