Жарыяланган 19/08/2021
Бишкек шаарындагы эки Калкты тейлөө борборунда COVID-19га карата убактылуу эмдөө пункттары иш алып барышууда

Калкка ыңгайлуу болсун үчүн, Бишкек шаарындагы эки Калкты тейлөө борборунда, ошондой эле "Кыргызпочтасы" МИнин бөлүмүндө ( «Бишкек почтамт» филиалы) COVID-19га карата убактылуу эмдөө пункттары иш алып барышууда.

Аймактык  КТБлардын ичинде вакциналоо пунктту азырынча Баткен областында ачылган.

Бишкек шаарындагы пункттар төмөнкү даректер боюнча ачылган: КТБ-3 (Жаш Гвардия бульвары, 4) КТБ-4 (Жибек Жолу проспекти, 381 дарегиндеги мурунку «Эльдорадо» Сбсы) жана Бишкек почтамты (Чүй пр., 96).

Баткен областындагы пункттун дарегиН Баткен ш., М.Салихов көч., 33/1. Аталган пункттарда эмдөөдөн бардык каалоочулар өтө алышат. Жанында паспорту бар болушу маанилүү. Вакциналоо бардык санитардык-эпидемиялогиялык талаптарды сактоо менен, акысыз негизде жүргүзүлөт.