“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи баскычынын тендерин өткөрүүнүн мыйзамдуулугун изилдөө боюнча депутаттык комиссиянын жумушчу жыйынынын алкактарында, Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборунда дагы жарандарды паспорттор менен камссыздоо процесси жана жаңы форматтагы КТБнын иш алып баруусу менен таанышуу жүргүзүлдү.
КТБлардын ишмердигин жакшыртуудагы негизги позициялар болуп жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү, талап кылынуучу документтеди, маалымкаттар тизмегин, ошондой эле паспортторду даярдоо жана берүү мөөнөттөрүн кыскартуу аталды.
Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө 24 ири жана 2 мини КТБ ийгиликтүү иш алып барууда. Орточо эсеп менен бир күн ичинде ири КТБ 1000-2000 жаранды тейлейт, электрондук кезектеги күтүү мезгили 10 мүнөттөн 20 мүнөткө чейинки убакытты түзөт. Жарандар Call-борбордун119 номери боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө кеп-кеңештерди алуу мүмкүндүгүнө ээ. Калкка ошондой эле СМС-билдирүүлөрдүн жардамы менен автоматтык маалымдоо кызматы сунушталат.
Алыскы калктуу пункттардын жашоочулары жана чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен болгон адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максаттарында, үйгө барып паспортту көчмө тариздетүү боюнча мобилдик КТБлар түзүлгөн. КТБларда жарандарга каттоо кызматтарынын 34 түрү жеткиликтүү болууда.
СӨМгө караштуу «Инфоком» МИсинин адистери тараптан иштелип чыгарылган автоматташтырылган тутумдарды ишке киргизүү талап кылынуучу документтер, маалымкаттар тизмегин, ошондой эле паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтүн кыскартууга шарт түзгөн.
«Инфоком» МИси бардык каттоо кызматтарын автоматташтыруу боюнча иш алып барууда, Кыргыз Республикасынын калкынын Бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлгөн, сандардын жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номерлерге карата сертификаттардын онлайн аукциону кызматы ишке ашырылган, ачык жеткиликтүүлүктө турган portal.srs.kg Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы иштелип чыгарылган.
Порталда электрондук түрдө колдонуу үчүн 27 кызматтын түрү жеткиликтүү, ошондой эле порталдын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемеси түзүлгөн.
Депутаттык комиссиясынын жыйынынын алкактарында жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Бүгүнкү күндө «Инфоком» МИси 50дөн ашуун ири IT-долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоолордун алдында, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча кайталанган маалыматтык кампания жүргүзүлүүдө.