Жарыяланган 16/06/2021

Бүгүнкү күндө «Инфоком» МИси  50дөн ашуун ири IT-долбоорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоолордун алдында, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча кайталанган маалыматтык кампания жүргүзүлүүдө.

Бул иштин негизги максаты болуп анын негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлө турган жана шайлоолордогу добуштарды саноонун аныктыны камсыздалуучу биометрикалык каттоо менен калктын көпчүлүк бөлүгүн камтууну кеңейтүү эсептелет. 

2021-жылдын 17-июнунан тартып 21-июнуна чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында мобилдик КТБлары кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын кабыл алышат, жашаган жери боюнча каттоодон (прописка) өткөрүшөт, паспортту алмаштырууга карата документтерди кабыл алышат. 

Мобилдик КТБлардын кызматкерлери документтерди паспорттоштуруу кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болуучу техникалык жабдуу менен (фотокызматтары, ксерокопия, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн аппарат, касса) жабдылган микроавтобустун  ичинде кабыл алышат.

Аталган иш-чаралар Мамлекеттик каттоо кызматы тараптан БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнүн колдоосу алдындагы Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия менен биргеликте, шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо кампаниясынын алкактарында уюштурулууда. 

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартынан тартып 20-мартына чейин ушундай эле кампания республиканын бардык аймактарында жана шаарларында  жүргүзүлгөн эле. Мобилдик КТБлардын 17 күндүк жумушу маалында 3000ден ашуун адам жер-жерлердеги көчмө документтештирхх кызматтарынан пайдалана алышкан. Биометрикалык каттоодон 2329 жаран өткөрүлүп, 585 адам каттоосун жаңырткан, паспортторун 183 адам алмаштыра алышкан.