Жарыяланган 27/05/2021
Кыргызстанда жаңы муундагы алгачкы биометрикалык жалпы жарандык паспорттор берилди

Жаш шахматчы Съездбекова Айжан, Азиянын 3 жолку чемпиону жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, ошондой эле 11 жаштагы шахматчы Шаршенбеков Эмир, балдар арасындагы 2 жолку чемпион жана көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын юниорлор командасынын курамында Москвада 2021-жылдын 30-майынан тартып 7-июнуна чейин өткөрүлө турган эл аралык балдар шахмат турнирине катышышмакчы.


Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын имиджин колдоо үчүн, ошондой эле КР жалпы жаракдык паспортун алуу мөөнөтүнүн чукул болушун эске алуу менен КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгуу үчүн аларга паспортту алууну ылдамдатууга көмөк көрсөттү.
Бул шахматчылардын чет өлкөгө чыгуучу паспортторунун өзгөчөлүгү болуп, алар жаңы муундагы алгачкы биометрикалык чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорттордун эң биринчи алуучулары болгондугу эсептелет.


Аларга паспортторун салтанаттуу  тапшыруу аземи бүгүн Бишкнк шаарынын Калкты тейлөө борборунда өткөрүлдү. Иш-чарага КР юстиция министри Асель Чынбаева, МККнын төрагасынын м.а. Залкарбек Карыбеков, "Инфоком" МИсинин директору Рыскулбек Осмоналиев жана Калкты жана жарандык акттын абалдарын каттоо департаментинин директор Мухабат Пратовалар катышышты. Жаңы биопаспортту жана эстелик белектерди министр өз колу менен тапшырды.


Белгилей кетүү керек, жаңы чет өлкөгө чыгууга арналган биопаспорт анда анын ээсижөнүндө, анын жеке маалыматтарын, санариптик фотосүрөтүн, эки колунун тең папиллярдык оймо-чиймелеринин графикалык түзүлүшүн, санариптик колтамгасы тууралуу маалыматты камтыган электрондук алып жүрүүчүгө ээ. Паспортто аны жасалгалоодон коргоонун 30дан ашуун элементтери бар.