Жарыяланган 12/03/2021
Бишкекте биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу башталды

Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-мартынан тартып 19-мартына чейин мобилдүү КТБлар шаардыктардан биометрикалык маалыматтарды кабыл алышып, жашаган жери боюнча каттоодон өткөрүшөт, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алышат, ошондой эле жарандар алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жөнүндө КР БШКнын кызматкерлеринен маалымат жана консультацияларды ала алышат.

Мобилдүү КТБлардын кызматкерлери документтерди паспорттоштуруу кызматтарын сунуштоо үчүн зарыл болуучу техникалык жабдуулар (фотокызматтары, ксерокөчүрмө, биометрикалык маалыматтарды топтоо үчүн аппарат, касса) менен жабдылган микроавтобустун ичинен кабыл алышат.

Бишкектин жашоочулары үчүн ошондой эле биометрикалык каттоодон төмөнкү даректер боюнча жайгашкан Калкты тейлөө борборлорунан өтүү мүмкүндүгү бар:

Бишкек шаарындагы КТБлардын даректери:
Аталган иш-чаралар Мамлекеттик каттоо кызматы тараптан Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия менен биргеликте БУУӨП жана Япония Өкмөтүнүн колдоосу алдында шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу маалымдоо кампаниясынын алкактарында уюштурулууда.