Жарыяланган
«Суратып алдыруу» долбоору: Чет мамлекеттерде турган кыргызстандыктар консулдук кызматтардын тезирээк колдоно алышат

«Суратып алдыруу» автоматташтырылган маалыматтык тутуму Кыргыз Республикасынын чет жактарда турушкан жарандары үчүн консулдук кызматтарды сунуштоонун сапатын жана ылдамдыгын жоготулатуунун негизги ыкмаларынын бири болуп саналат.

Аталган тутумду ишке киргизүү консулдук мекемелердеги кезектерди кыскартууга, жарандардын ал жакка баруулар санын азайтууга, мурда айлап күтүүгө туура келген кагаз жүзүндөгү суроо-талаптарды жана мамлекеттик органдардан алынган жоопторду болтурбоого мүмкүндүк берет.

Процесстерди автоматташтыруу суроо-талаптар боюнча статистикалык маалыматтарга, алардын тематикасына, санына жана ишмердиктин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн калкты тейлөөнүн ылдамдыгына талдоо жүргүзүүлөргө мүмкүндүк бермекчи.

Долбоордун максаты болуп чет өлкөдөгү мекемелерди маалымкаттарды берүү жана документтерди алууга карата билдирмелерди өтө кыска мөөнөттөрдө онлайн форматта тариздетүү боюнча аспап менен камсыздоо эсептелет. Маалымат алмашуу «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз ара аракеттенишүүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылмакчы.

Тутум «Инфоком» МИси тараптан КРнын Президентинин «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгын жана 100 күнгө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи орундагы иш-чаралар планын аткаруунун алкактарында иштелип чыгарылган.