Жарыяланган 11/03/2021
КРнын жарандары МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнөн 44 чет өлкөлөрдөгү мекемелерден колдоно алышат

Консулдук кызматтарды сунушто чөйрөсүндө, МККнын «Паспорт» жана «ЖААК» автоматташтырылган маалыматтык тутумдары, өлкөнүн чектеринен тышкары паспорт жана ЖААК сызыктары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн мекендештерибиздин колдонуусуна мүмкүндүк бере турган 44 чет өлкөдөгү мекемелерде ишке киргизилген.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде ID-картага документтерди тариздетүүнү ишке киргизүү үчүн «Инфоком» МИси «Паспорт» жана «Консулдук эсепке алуу» АМТларын, арыз берүүчүнүн дарегин каттоодон өткөрүү бөлүгүндө интеграциялоону жүргүзгөн. Бул Кыргыз Республикасынын чет жактардагы жарандарына турган жери боюнча ID-паспорт алууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетүү керек, Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүндө туруп жатышкан кыргызстандыктар чек араны ID-картасы бар учурда кесип өтө алышат.