Жарыяланган 05/02/2021
Биометрикалык ID-карта эки миллионунчу алуучуга берилди
2021-жылдын 5-февралында Калкты тейлөө борбору-2де эки миллионунчу алуучу болуп саналган Бектур Алибаевге идентификациялык картаны салтанаттуу тапшыруу өткөрүлдү..
 
Бектурга паспортту жана белектерди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов тапшырды. 
 
Бектур КТБга жаш курагы жеткендиги боюнча документтерин тариздетүү үчүн кайрылган, 17-февралда ал 17 жашка толот. Ал белгилеп кеткендей, кызмат көрсөтүүлөр тез жана өз маалында көрсөтүлгөн. Бектур үчүн бул күн маанилүү, анткени бул анын алгачкы паспорту. 
 
Белгилей кетсек, электрондук ID-карталарды киргизүү Кыргызстанда 2017-жылдын 1-майында башталган. Долбоор  KOICA (Korea International Cooperation Agency) менен биргеликте ишке ашырылган. Корея тараптан электрондук улуттук күбөлүктүн программалык камсыздоосу иштелип чыгарылган, сервердик жабдуулар жана 1,9 млн бланк берилген.