Жарыяланган 09/02/2021
МККнын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңейтилген кеңешме болуп өттү

Бүгүн МККнын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Аны Кызматтын башчысы Акын Мамбеталиев жетектеди. Жолугушууга Кызматтын борбордук аппараты жана ага караштуу беш мекеме катышты. Иш-чаралардын жыйынтыгын Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Санжар Жумадилов чыгарып, ведомство тарабынан өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөтүү алкагында жүзөгө ашырылып жаткан олуттуу жана маанилүү долбоорлор жөнүндө айтты.

Кызмат "ачыктык" саясатын жүргүзүү максатында калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көзөмөлдөйт.

Бүгүнкү күндө МКК тарабынан 80 долбоор ишке ашырылып жатат, анын ичинен 46сы даяр, 27си иштелип жатат жана 7си жаңы долбоорлор.

Ошентип, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 26 мамлекеттик кызмат көрсөтөт, анын ичинен 24 электрондук форматка өткөрүлдү.

Ведомстволук мекемелердин ар бир жетекчиси аткарылган иштер боюнча отчёттук маалымат беришти, анткени МКК 39 мамлекеттик кызмат көрсөтөт.

Жолугушуу конструктивдүү диалог форматында өттү, узак мөөнөттүү пландар жана актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.