Жарыяланган 03/02/2021
Расия апа 117де, анын документтери болсо дайыма тартиби менен

Мобилдик КТБнын көчмө тобу акысыз түрдө биометрикалык ID-картанын чибиндеги дарегин алмаштыруу үчүнКыргызстандын 117 жаштагы жаранына кызмат көрсөтүү үчүн барды.

Расия апа Бишкек шаарына Нарындан көчүп келген жана мурунку калыбындай эле, анын бардык документтери жайында орду-орду менен болушун каалаган. Анын 4 баласы, 40 небере-чөбөрөсү бар.