Жарыяланган 01/02/2021
Пилоттук режимде КТБларда кыймылсыз мүлк жана жер объекттери боюнча кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болмокчу

Пилоттук режимде КТБларда кыймылсыз мүлк жана жер объекттери боюнча кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болмокчу.

2021-жылдын 1-февралынан тартып 28-февралына чейин Бишкек ш. Калкты тейлөө борборлорунда пилоттук режимде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин (ЖРМА) кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү болмокчу. Ийгиликтүү ишке киргизилген учурда, бул кызматтарды сунуштоо республиканын бардык КТБларында ишке ашырылат.

Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №64 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды ишке киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкактарында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмегин кеңейтүү максаттарында ишке ашырылууда.

Жарандар ЖРМАнын төмөнкү кызматтарынан колдоно алышат:

o кыймылсыз мүлк объектине карата укуктар жана чектөөлөр жөнүндө көчүрмө;

o кыймылсыз мүлк объектинин техникалык параметрлери;

o кыймылсыз мүлк объектине карата укуктардын жана чектөөлөрдүн тарыхы;

o кыймылсыз мүлк объекттерине карата жеке менчик укуктардын бар экендиги/жок экендиги тууралуу маалыматтар.

ЖРМАнын кызматтарынан колдонууга мүмкүн болгон КТБлардын даректери:

1. КТБ-1, 12 кичи район,  Нуркамал Жетикашкаева көч., 29 (МҮнүн имараты);

2. КТБ-2, Чолпон-Ата көч., 2 (“АЮ Грандкомфорт” имараты);

3. КТБ-3, Ж.Гвардия бул., 4 (Бөкөнбаев көч. менен кесилишет);

4. КТБ-4, Ауэзов көч., 1/5 (“Два прораба” имараты).