Жарыяланган 27/01/2021
Мобилдүү КТБ: калктын социалдык аярлуу катмарына жардам берүү үчүн жеңилдетилген сапарлар

2016-жылдан тартып "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын мобилдүү тобу Бишкек жана Ош шаарларында гана документтерди кабыл алып турган.

Паспортко документтерди кабыл алуу жана тариздетүү үчүн техникалык жабдуулар менен жабдылган атайын микро автобустар (мобилдүү  КТБ) 2018-жылдан бери өлкө аймагын кыдырып жатышат.

2016-жылдан берки 5 жыл аралыгында өзгөчө категориядагы 3,5 миң жарандын үйүнө жеңилдетилген шартта баруулар жүргүзүлгөн.

2020-жылы мобилдүү КТБнын акысыз көчмө кызматтары 818 жаранга (майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, карылар үйүндө жашаган адамдар), 371 соттолгон жана абактагы адамдарга көрсөтүлдү.

Коронавирус инфекциясы пандемиясынын учурунда жалпы республикалык тестирлөөгө тоскоолдуксуз катышуу үчүн дагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү үчүн акысыз документ тариздетүү жүргүзүлдү.