Жарыяланган 26/01/2021
МККнын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ: паспорт

Биометрикалык маалыматтары бар электрондук чиптер 2017-жылы эле ички паспортторго киргизилген, бирок жалпы жарандык паспорттордо (ЖЖП) эми пайда болот. Жаңы биометрикалык ЖЖПду алгачкы ээлери апрель айында алат деп күтүлүүдө. 2020-жылы эки паспортту тең жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Сөздү Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук үлгүдөгү идентификациялык карталарынан баштасак. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан тарта eID-паспортунда "улуту" графасын толтуруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Ага чейин, 2020-жылдын августунан тарта eID-паспортунун баасы 206 сомго көтөрүлдү. Бул грант катары бекер берилген 1,9 миллион eID карталарынын аякташына байланыштуу.

2020-жылы МККнын артыкчылыктуу милдеттеринин бири Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына ылайык биометрикалык жалпы жарандык паспортторду (e-Passport) боюнча иштерди аткаруу болду. Пандемиядан улам келип чыккан объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, МКК электрондук паспортту киргизүү боюнча ишин уланткан. Ошол эле учурда, АКШ тарабынан санкциялардын киргизилишине алып келген себептерди четтетүү боюнча иштер жүргүзүлдү.

Өткөн жылдын февраль айында биометрикалык ЖЖП бланктарын өндүрүү жана жеткирүү боюнча конкурс жарыяланган. Тендерге катышуу үчүн Казакстан, Франция жана Германиядан үч компания арыз берген.

Конкурстук комиссия тендердин жеңүүчүсүн март айында аныктап, 2020-жылы 29-майда МКК жана Mühlbauer ID Services ишканасы ортосунда келишимге кол коюу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өткөн.

Жыл аягында МКК жаңы e-Passportтун адепки нускаларын алып, бланктардын, коопсуздук элементтеринин жана сапатын баалоо жана текшерүү иштери башталды.

Жаңы электрондук паспорттордо 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери камтылган: так эмес белгилери, голограммалар, коргоочу жиптер, колго сезилген жана башка адистештирилген элементтер. Ошондой эле жеке маалыматтарды басып чыгаруу үчүн заманбап материалдар жана лазердик технологиялар колдонулат. Эң башкысы паспорттун мукабасында анын ээси жөнүндө маалымат камтыган электрондук чип орнотулган.

Белгилей кетүүчү жагдай, АКШнын Кыргыз Республикасына визалык чектөөлөрү биометрикалык паспорттордун жоктугуна гана байланыштуу эмес, ошондой эле жоголгон жана уурдалган паспорттор боюнча жетишсиз иш алып баргандыгына жана кылмышка шектүү адамдар жөнүндө маалымат бербегендигине байланыштуу киргизилген.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМ, УКМК, КРӨнө караштуу ЭККМК, КРӨнө караштуу ЖАМК, КРӨнө караштуу МКК ортосунда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Уурдалган (жоголгон), жасалма жана мыйзамсыз берилген жарандардын паспорттору жөнүндө маалымат берүү боюнча өз ара аракеттенүү жобосу иштелип чыккан жана бекитилген. Ошондой эле ошолор боюнча маалымат базасы түзүлүп жатат.

Ошентип, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги биздин жаңы биометрикалык паспорттору боюнча иштерибизди жана уурдалган, жасалма жана мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкты жогору баалады.

«Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү», - деп айтылат АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин билдирүүсүндө.

АКШнын президенти Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду.

 Жаңы паспортторду киргизүү 2021-жылдын биринчи жарымына пландаштырылган.