Жарыяланган 13/11/2020
Нарын областынын Кочкор районунда мобилдик КТБ иштеп баштады

Нарын областынын Кочкор районунда мобилдик КТБ иштеп баштады

2020-жылдын 5-ноябрынан Кочкор районунун КТБ (калкты тейлөө борбору) расмий ачылган күндөн баштап мобилдик КТБда калкка алгачкы кызматын корсөтүп баштады.

Нарын облусунун Кочкор районунун акимчилигинин демилгеси менен 1994-жылкы паспортту алмаштыруу үчүн 104 жаштагы райондун тургунун документтерин кабыл алуу үчүн мобилдик КТБ ордунан кызмат көрсөтүүсү уюштурулду.

Шалпыкова Шамшия 1916-жылы туулган, ал өмүр бою Кочкор районунда жашаган.

Тургундун улгайган курагын эске алуу менен мобилдик КТБ баруусу акысыз жүргүзүлдү.
Ошондой эле учурда, 1-топтогу майып 29 жаштагы Төлөмүш уулу Жолдубайдын паспортун алмаштыруу боюнча КТБ документтерди ордунан кабыл алды.