Жарыяланган 15/10/2020
ЖААК статистикалык маалыматтары

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына карата 26 511 жубайлар никеге турушкан. Бирок ошол эле учурда, ушул мезгил аралыгында -6313 түгөй ажырашкан.
2019-жылдын бул мезгилинде -35097 нике катталган. Былтыр үйлөнгөндөрдүн саны -8586га көп болгон. Ошол эле учурда, 2020-жылга караганда -1958ге көп ажырашуу да катталган.
2020-жылы аталыкты аныктоонун 15062 фактысы катталган болсо, 2019-жылдын 9 айында бул көрсөткүч 20559 болгон.
2020-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 649 бала асырап алууга катталган. Өткөн жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасында 758 бала асырап алуу катталган.