Жарыяланган 27/08/2020
«Жарандык 2.0» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүнүн экинчи баскычы иштелип чыгарылган

«Санарип Кыргызстан 2019» Санариптик трансформациялануу концепциясын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкактарында Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тараптан «Жарандык 2.0» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүнүн экинчи баскычы иштелип чыгарылган.

«Жарандык» тутумунун биринчи баскычында аны иштеп чыгуу 2017-жылы башталган жана 2018-жылдын ноябрь айына карата өнөр жайда колдонуу үчүн бүткүл өлкө боюнча МККнын паспорттоштуруу жана калкты каттоо боюнча бардык бөлүмдөрүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык 38 чет мамлекеттердеги мекемелеринде "Паспорт", "ЖААК" жана "Жарандык" автоматташтырылган маалыматтык тутумдары ишке киргизилген эле.

Ушундан улам, чет жактардагы кыргызстандыктар паспортторун тариздетилген учурдан тартып 15-20 күндүн ичинде ала алышкан. Эски тутумда ушул эле жол-жобонун кагаз түрүндө ишке ашырылышы үч айдан тартып бир нече айга чейинки мөөнөттү талап кылчу.

Экинчи баскычта «Жарандык 2.0» тутуму Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча Комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Консулдук кызмат департаментинин маалыматтарын бирдиктүү электрондук базага бириктирет.

Аталган тутум Кыргыз Республикасынын Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин курамдык бөлүгү болуп саналат жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык тутумдары менен интеграцияланган. жарандыктан чыгуу жана жарандыкка кабыл алуу боюнча маалыматтар кызыкчылыгы бар маморгандарга «Түндүк» тутумунун жардамы менен берилет.

Процесстин автоматташтырылышы, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу/аны кабыл алууга карата арыздарды электрондук берүүнү ишке киргизүү, ошондой эле фотосүрөттү жана арыз берүүчүнүн колтамгасын электрондуктүрдө алуу жарандарды тейлөө мөөнөтүн жана документтерди жеткирүүгө карата чыгымдарды кыскартууга, анык болгон отчетторду түзүүгө, ошондой эле шайлоочулар тизмелерин актуалдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан электрондук документтерди карап чыгуу мөөнөттөрү кыскартылат.

«Жарандык 2.0» тутумун андан ары өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандыкка кабыл алуу/андан чыгуу боюнча жарлыктарына электрондук кол коюуну божомолдойт. Ошондой эле жарандык боюнча иштерди мобилдик тиркеме аркылуу карап чыгуу статусун байкап туруу мүмкүндүгүн берүү пландаштырылууда.
Бүткүл мезгил ичинде КРнын жарандыгынан чыгууга карата 33 523 арыз кабыл алынып, КРнын жарандыгын 18 607 жаран кабыл алышкан.