Жарыяланган 26/08/2020

Акыркы төрт жыл ичинде аталыштары менен болгон мамлекеттик номер белгилерин сатуудан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өлкөнүн бюджетине 2 миллион 400 миң сом которду.

Автоунаага карата аталыштары  менен болгон номер белгилери аукционсуз сатылышат, ар биринин баасы 100 миң сомду түзөт. Алынган каражаттар 100% көлөмүндө өлкөнүн мамбюджетине түшөт.

Маалымат үчүн: Сандардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоо номер белгилерин сатуу боюнча долбоор 2016-жылы ишке киргизилген. Буга чейин, Кыргызстанда мамномерлерди чыгаруу менен жеке менчик компания алектенип келген, өндүрүштөн алынуучу пайда анын эсебине түшүп турган. 2016-жылдын 1-июнунан тартып кыргызстандыктарга жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номер белгилери берилет, аларды КРӨгө караштуу МККнын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы чыгарат.
Сатылган аталыштары менен болгон мамлекеттик номер белгилери төмөнкүлөр: