Жарыяланган 19/08/2020
Өзүн шайлоочулар тизмесинен

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкактарында, ошондой эле жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы МККнын кызмат көрсөтүүлөрүнүн мобилдик тиркемесинде жаңы функцияны ишке киргизди.

Аталган функционалдын жардамы менен кыргызстандыктар өздөрүнүн шайлоо участокторунун номерин жана дарегин тактай алышат. Тиркеме Андроид платформаларындагы смартфондордун колдонуучуларына жеткиликтүү. Play Marketтен "МККнын кызмат көрсөтүүлөрү" тиркемесин көчүрүп алуу жана "УШКнын дарегин текшерүү" бөлүгүнө кирүү жетиштүү болот. iOS ыкчам тутуму менен болгон телефондордун колдонуучулары үчүн тиркеме кийинчерээк жеткиликтүү болмокчу.

Мобилдик Тиркеменин иштеп чыгуусу болуп МККга караштуу «Инфоком» МИси эсептелет.

Өзүн шайлоочулар тизмесинен дагы кантип текшерүүгө болот?

- шайлоо участогуна барып;

- «Тизме» порталынан, www.tizme.gov.kg шилтемеси боюнча кирүү менен;

-МККнын Call-борборуна «119» номери боюнча чалып (чалуу акысыз).

- өзүнүн идентификациялык жеке номерин (ИЖН) көрсөтүп 119 номерине СМС менен жөнөтүп.