Жарыяланган 08/06/2016
Мобилдүү топтор борбору: Паспортту кѳчмѳ тариздетүү жана салтанаттуу түрде нике күбөлүгүн тапшыруу аземи

Бишкек жана Ош шаарларында Мобилдүү топтор борборунун көчмө кызматтары көрсөтулөт:

1. Кыргыз Республикасынын паспортун алуу (алмаштыруу) боюнча документтерди барып каттатуу кызматын шашылыш жана жөнөкөй тартипте сунуш кылат:

-Арыз ээсинин жашаган (турган) жерине баруу;

-Документтерди каттатуу үчүн арыз ээсин сүрөткө түшүрүү;

-Паспорт алуу үчүн керектүү бланктарды толтурууга көмөк көрсөтүү (арыз ээсинин макулдугу менен паспорттук столдун кызматкери тарабынан бланктарды толтуруу);

-Арыз ээсинин макулдугу менен жана анын атынан мамлекеттик алымдарды төлөө;

-Каттоо кызматына тиешелүү маалыматтарды чогултуу;

-Даярдалган паспортту арыз ээсинин жашаган (турган) жерине жеткирип берүү.

Кызматтын баасы 1200 сом (бир паспорт үчүн, паспорт алуу үчүн мамлекеттик алымдарды эсепке албаганда)

2. Даярдалган документтерди жеткирүү - 500 сом.

3. Салтанаттуу түрдѳ нике күбөлүгүн тапшыруу аземи 

ЖААК бѳлүмүндѳ никеге тургандыгы туралуу арыз менен кошо, никени салтанаттуу турдѳ каттап, нике күбѳлүгүн тапшыруу аземин ѳзгѳчѳ түрдѳ ѳткѳрүү боюнча арыз менен кайрылууӊуз абзел.

Кызматтын баасы 5423 сом

Байланыш телефондор:


МТБ-паспорт: 0 (312) 897999 (Бишкек), 0 (779) 112945 (Ош)

МТБ-ЖААК: 0 (770) 510606 (Бишкек), 0 (773) 114411 (Ош)

Call-борбор 119 (бүт байланыш операторлор үчүн чалуу акысыз)