Жарыяланган 11/05/2020
Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдык мааракесине карата “Инфоком” иш-чараларын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Абылгазиевдин 2020-жыл 28-февралындагы № 20-820 тапшырмасын аткаруу максатында жана Мамлекеттик ишканасы төмөндөгүлөрд билдирет.

“Инфоком” Мамлекеттик ишканасына шефтик көзөмөлгө бекитилген Таштемиров Сейдакмат, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 96 жашта, бала-бакырасы менен Баткен облусунун Баткен районунун Божой айыл аймагында жашайт.
Ардагер Таштемиров Сейдакмат атаны “Инфоком” МИ атынан, Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун жетекчиси куттуктап, ишкананын атынан уктоочу керебет, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк тапшырды.

Ошондой эле ишкананын атынан, Улуу Ата Мекендик согуштун жесирлери, ооруктун катышуучулары, эмгек ардагерлери Болотбекова Жамал жана Абылова Уулбүбүгө ар бирине он миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү.

Жалпы финасылык каражат отуз миң сомду түздү.