Жарыяланган 29/04/2020
2019 жана 2020 – жылдардын биринчи чейрегинде жарандык абалдын актыларын каттоо

2020-жылдын биринчи чейрегиндеги жарандык абалдын актыларын каттоо көрсөткүчтөрү, өлүмдүн жана асырап алуунун каттоолорун кошпогондо 2019-жылдын биринчи чейрегиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу төмөндөө динамикасын көрсөттү.

2020-жылдын биринчи чейрегинде 70 миң 528 жарандык абалдын актылары катталган болсо, бул 2019-жылдын ушул мезгилине (80 981) караганда 10 миң 453 каттоого аз.

Өлкөдөгү туулгандыгы тууралуу каттоонун саны өлгөндөрдү каттоонун санынан бир кыйла жогору - 2019-жылдын 1-чейрегинде 41 282 төрөлүү катталса, 8285 өлүм катталган, ал эми 2020-жылы 36,343 төрөлүү катталып, 8383 өлүм катталган.
Ошол эле учурда, өлүмдү каттоонун салыштырма талдоосу 98 кишиге көбөйүп, 2019-жылы 8285 катталса, быйыл 8383 акт түзгөн. Өзгөчө абал учурунда 839 адамдын өлүмү катталган.

Туулгандыгын каттоонун эң көп саны Ош жана Жалал-Абад областарында жана Бишкек шаарында байкалган. Өлүмдү каттоонун олуттуу саны Ош жана Чүй областарында катталган.

Өткөн жылдын биринчи чейрегинде 12788 түгөй никеге турса, 2020-жылы катталган никелердин саны 10 144 түзүп салыштырмалуу азыраак болду. Никеге туруу боюнча эң көп көрсөткүч Ош, Жалал-Абад жана Чүй областарында болду. Өзгөчө абал учурунда 381 түгөй мамилелерин расмий каттатышты.

Ажырашуулардын саны 172 азайып, 2496 каттоону түздү (2019-жылы 2668). Ажырашуулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жана Ош областында катталган. Карантин режиминде 99 түгөй ажырашуусун каттатышкан.

Аталыкты аныктоонун көрсөткүчтөрү төмөндөп быйыл 5580 болсо, 2019-жылдын биринчи чейрегинде 7236 жаран аталыгын аныкташкан (-1656). Аталыгын аныктоонун эң көп саны Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Ош областарында катталган.

Эгерде 2019-жылдын биринчи кварталында аты жөнүн өзгөртүү боюнча 8596 учур каттаган болсо, быйыл - 7349, 1247 каттоого азайган. Көбүнчө аты жөнүн өзгөртүү боюнча Ош, Жалал-Абад жана Нарын областарында каттоо жүргүзүлгөн.
Бала асырап алуу көрсөткүчтөрү бир аз жогорулады: быйыл 233, өткөн жылы бул көрсөткүч 216 түзгөн (+17). Алардын көпчүлүгү Чүй жана Жалал-Абад областарында катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 17-апрелине чейин өзгөчө абал режими учурунда жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө 3569 туулгандыгы тууралуу каттоо жүргүзүлүп күбөлүк берилген, 195 адам аталыгын аныктап, 14 баланы асырап алуу катталган жана 150 адам аты-жөнүн өзгөртүшкөн.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү өлкөдө өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу калкты тейлөө борборлорунун жана калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн убактылуу жабылгандыгына байланыштуу.

Калкты тейлөө борборлорунун жана калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн иши 2020-жылдын 21-майынан тартып калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Калкты тейлөө борборлорунун жана калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүнүн ишин 2020-жылдын 21-майынан тартып калыбына келтирүү пландаштырылууда.