Жарыяланган 30/03/2020
электрондук кызмат порталы аркылуу жаңы биометрикалык ID карталарындагы каттоо дарегин он-лайн текшерүү функциясы ишке киргизилди

Ушул жылдын 24-мартында Мамлекеттик каттоо кызматы, Кызматтын portal.srs.kg - электрондук кызмат порталы аркылуу жаңы биометрикалык ID карталарындагы каттоо дарегин он-лайн текшерүү функциясын ишке киргизди.

Бул чара, жарандардын жашаган жерлерине өтүшүнө уруксат берүү, алардын катталган дарегин текшерүү үчүн, шаарларда жана аймактарда коюлган санитардык-эпидемиологиялык постторго байланыштуу кабыл алынды.

Посттор тез арада жайгаштырылгандыгы эске алынып, убактылуу ишке киргизилген бул функционал мобилдик Интернетке туташкан уюлдук телефон аркылуу даректи текшерүүгө мүмкүндүк берет. Ал үчүн ID-картынын номери жана жеке идентификациялык номерди терүү жетиштүү.

МКК бул чара убактылуу экендигин эскертет. Учурда санарип ID-карта жана айдоочулук күбөлүк долбоорлору иштелип чыгууда. Бул долбоорлор ишке кириши менен мамлекеттик кызмат алууну бир кыйла жеңилдейт.