Жарыяланган 24/01/2020
Мектеп окуучунун жеке идентификациялык номерин сурап жатабы ?

Билим берүү мекемелеринде маалыматтык системаларды киргизгенге байланыштуу, калкты тейлөө борборлоруна баланын жеке идентификациялык номерин алуу боюнча кайрылгандардын саны көбөйүүдө.
Бул боюнча Каттоо кызматынын чалуу борборуна көптөгөн жарандар суроолор менен кайрылууда, буга байланыштуу көп берилген суроолор боюнча төмөндөгү жоопторду даярдадык, калкты тейлөө борборуна кайрылуу алдында бул жоопторго көңүл бурсаңыздар:
1. Эгерде мурда балага жеке идентификациялык номер алган болсоңуз, калкты тейлөө борборунун операторуна кайрылып маалымкат сураңыз, оператор сизге маалымкат чыгарып берет, маалымкатка мөөр басылбайт.
2. Эгерде балага жаңы үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилсе (2016-жылдын 1- декабрынан кийин) же балага жалпы жарандык паспорт алган болсоңуз, ушул документтерде баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн бул учурда документтин көчүрмөсү жетиштүү.
3. Балага жеке идентификациялык номер алуу боюнча биринчи жолу кайрылып жатсаңыз:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ата-энесинин бири паспорту менен паспортунун көчүрмөсү тиркелген арыз (ордунан толтурулат) менен кайрылышы керек.
Жеке идентификациялык номер ыйгаруу акысыз жүргүзүлөт!