Жарыяланган 10/01/2020
2019-жылдын ичинде жаңы форматтагы КТБларда 1,5 млн. кызмат көрсөтүлгөн

2019-жылдын ичинде жаңы форматтагы КТБларда 1,5 млн. кызмат көрсөтүлгөн, алардын ичинен ТОП 5 жарандардын кайрылуусу паспортту алмаштыруу боюнча - 600 миң, паспортту биринчилик тариздетүү - 338 миң, туулгандыгын каттоо - 176 миң, никеге туруусун каттоо - 50 миң, ИЖН ыйгаруу боюнча - 40 миң ирет болгон.
Жыл сайын статистикалык маалыматтарга ылайык паспортторду жоготуу көрсөткүчүнүн өсүшү байкалууда. Өткөн жылы инсандыкты күбөлөндүрүү документтерин 97 миңден ашуун жоготуулар катталган. Жоготуу боюнча алдыңкы орундарды Бишкек ш. - 28 миң, Ош областы - 22 миң, Жалал-Абад областы - 17 миң көрсөткүчү менен ээлешкен.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды инсандыкты күбөлөндүрүүнүн башкы документине карата максималдуу аярлык жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.