Жарыяланган 30/12/2019
«Инфоком» МИси 2020-жылы «Санарип аймак» тутумун ишке киргизет

27-декабрда «Инфоком» МИсинде бүткүл республика боюнча 2020-жылы бардык айыл өкмөттөрүндө ишке киргизиле турган «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бет ачары жана көргөзмөсү өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин Биринчи орун басары Кененбаев А., Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев Д., Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Мамбетов А., ЖӨБЭММАнын статс-катчысы Алишеров Н., «Инфоком» МИнин директору Осмоналиев Р. катышышты.

«Санарип аймак» тутуму өлкөнү санариптештирүүнүн жана аймактарды өнүктүрүүнүн алкактарында иштелип чыгарылууда.

«Санарип аймак» тутумунун негизги багыты болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды сунуштоо тармагындагы адистердин иш алып баруусун автоматташтыруу эсептелет. Тутумду 484 айыл өкмөтүндө ишке киргизүүгө пландаштырылууда.

Тутумду түзүүнүн негизги максаттары болур төмөнкүлөр саналышат:

  • Жаңы технологияларды колдонуу менен айыл өкмөтүнүн чарба китеби жана паспорт боюнча түзүү процессин автоматташтыруу.
  • Калктын ички миграциясын эсепке алуу жана контролдоо.
  • Бизнес-процесстерди жөнөкөйлөштүрүү жана актуалдуу маалыматтарды калыптандырууну камсыздоо.
  • «Түндүк» ВЭМТ аркылуу ведомстволук маалымат тутумдары менен интеграциялоо.
  • Алардын негизинде сунушталып жаткан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча мониторинг жана талдоо жүргүзүү жасала турган статистиканы жана отчетту автоматтык түзүү.
  • Тутумда катталуучу жана калыптандырылуучу маалыматтар боюнча чыгыш формаларын жана отчеттук документтерди түзүү.