Жарыяланган 02/10/2019
МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жаңы

МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды текшерүү үчүн жаңы "Carcheck" сервис ишке ашырылды.

  Жаңы электрондук сервис унаанын күрөөдөгү же камакка алуудагы статусу жөнүндө маалыматты, ЖКЭ эрежелерин бузгандыгы үчүн төлөнбөгөн айыптардын бардыгын, ээлери жөнүндө тарыхын жана техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүндүгүн берет. Текшерүү үчүн portal.srs.kg порталына кирип Транспорт/Carcheck бөлүмүндө унаанын мамномерин киргизүү жетиштүү. Кызмат акысыз көрсөтүлөт. Сервис ошондой эле "Megapay" мобилдик тиркемесинде дагы жеткиликтүү.

  Жаңы сервистин артыкчылыгы - бул сатып алуунун алдында транспорт каражаты боюнча  маалыматтарды текшерип, сатып алуу-сатуу бүтүмдөрү учурунда мүмкүн болуучу көйгөй маселелерге жол берилбей тургандыгы саналат.

 Долбоор 2019-жылдын 1-октябрынан баштап 2020-жылдын 1-апрелине чейин пилоттук режимде ишке киргизилди.

Текшерүүдө төмөндөгүдөй маалымат берилет:

 - ТКнын мамномери

- ТКнын модели, түсү, чыгарылган жылы, көлөмү, рулдун жайгашуусу

- ТКнын камакка алынышы/күрөө жөнүндө маалыматтар, алардын саны

- ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдардын болушу жана саны жөнүндө маалымат

- ээлик кылуу тарыхы (каттоо мезгили)

   Долбоорду ишке киргизүү "2019-2023-ж. Санарип Кыргызстан" Трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылды.