Жарыяланган 02/10/2019
Карылык кубантып турууга тийиш

Жыл сайын болуп келген салтка ылайык, 1-октябрда, Эл аралык карылар күнүндө, «Инфоком» МИнин борбордук аппаратынын жана Бишкек ш. КТБ-2синин кызматкерлери Бишкек кары-картаң адамдар үчүн үй-интернатына барып келишти. Үй-интернатта 42 тургун жашап турат.
Тамак-аш азыктары, жылуу кийимдер жана полду жана жылытуу батареяларын сырдоо үчүн курулуш сырлары түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Паспортторду алуу маселелери боюнча юридикалык консультация жүргүзүлүп, мобилдик КТБнын укуктарын белгилөөчү документи жок болгон интернаттын бир тургунуна паспорт алууга жардам көрсөтүү үчүн акысыз келүүсүнө карата арыз кабыл алынды.
Ошондой эле "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү" бир айлыгынын алкактарында "КР ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесине, "Жетим балдардын укуктарын коргоо" коомдук фондуна материалдык жардам көрсөтүлдү.