Жарыяланган 13/09/2019
Калкты тейлөө борборлорунда өзүн-өзү тейлөө зоналары ачылды

Бишкек шаарынын Калкты тейлөө борборлорунда келүүчүлөр үчүн өзүн-өзү тейлөөчү зоналар орнотулуп, анда мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтары менен пайдаланууга мүмкун болуп калды.

 "Инфоком" мамлекеттик ишканасы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтардан колдонууга альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, ошондой эле portal.srs.kg МККнын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын пайдалануучуларынын көндүмдөрүн жакшыртуу максатында Бишкек шаарынын үч ири Калкты тейлөө борборлорун тиешелүү жабдуулар менен камсыздаган.

Портал электрондук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү түйүнү болуп саналат. Жеке кабинетте авторизациялануу 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы аркылуу жүргүзүлөт. Кызматтарды алуу учурунда төлөө үчүн ыңгайлуулук максатында банк карталарын же "Элсом" мобилдик капчыгын колдонуу менен төлөө ыкмасын тандоого мүмкүндүк берилет.

Бүгүнкү күндө Порталда МККнын 29 кызматтарына колдонуу ишке ашырылган, алардын ичинен негизгилери:

- никеге туруусун каттоо арызын берүү;

- үй-бүлөлүк абалын текшерүү;

- паспорттун жарактуулугун текшерүү;

 - жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) алууга карата арыз берүү (биринчи жолу алуу, экинчи ЖЖП, жарактуулук мөөнөтүнүн аяктоосу, виза барактарынын аяктоосу);

- паспорттун даярдыгын текшерүү;

- аттестаттардын жана дипломдордун аныктыгын текшерүү;

- жашаган жери боюнча каттоо;

- табылгалар бюросундагы документтерди текшерүү;

- кыймылсыз мүлк жана транспорт каражаты боюнча көчүрмөлөр;

- айдоочунун күбөлүгү боюнча көчүрмө;

- ЖЖКны бузгандыгы үчүн айыппулдарды текшерүү.

Бул шилтеме боюнча кызмат көрсөтүүлөр каталогу: https://portal.srs.kg/ru/catalog алат.

 Азыркы учурда МККда бардык мамлекеттик каттоо кызматтарын сунуштоону электрондук форматка өткөрүү боюнча баскычтуу иштер жүргүзүлүүдө.