Жарыяланган 27/08/2019
Бишкек мэриясынын жана ММК өкүлдөрү КТБдагы жаңылануулар менен таанышышты

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылын өткөрүүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясы калкты тейлөө борборундагы жанылануулар менен жана "Инфоком" МИнин ушул багыттагы жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышуу үчүн пресс-тур уюштурду.

Жолугушууда мэриянын жана ММКнын өкүлдөрүнө "Инфоком" МИнин директору Осмоналиев Р., директордун техникалык маселелер боюнча орун басары Кененбаева А. калкты документтештирүү жаны системалар боюнча, Ош жана Баткенде эки жаңы КТБлар ачылуу тууралуу маалымат беришти. Андан кийин Бишкек шаарындагы жаңы форматта түзүлгөн КТБ-2ге экскурсия уюштурулду.

Жаңылыктардын бири Бишкектеги КТБларында электрондук колтамгаларды берүүнүн башталашы, күзүндө аймактардагы борборлор берүүгө кошулушат.

 Ошондой эле мамлекеттик органдар менен элге кызмат көрсөтүү боюнча активдүү иш алып барууда, азыркы учурда бул-сентябрь айынын башталышына чейин транспортко жана кыймылсыз мүлккө салык төлөө боюнча иштер жүрүп жатат.

Өзүн-өзү тейлөө зонасы уюштурулган, анда жарандар МККнын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн өз алдынча колдоно алышат. Суроолор пайда болгон учурда, КТБнын кызматкерлери маалымат жана пайдалануучунун көндүмдөрүн жакшыртууга жардам беришет.

Бардык багыттар боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматтарына  автоматташтырылган маалыматтык тутумдар иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Бардык ички бизнес-процесстер, арыздарды берүү электрондук түргө өткөрүлдү. Кагаз архивдерди электрондук форматка өткөрүү жүргүзүүлүүдө.

 Автоматташтырылган маалыматтык тутумдун бардык маалыматтары борборлоштурулган маалыматтар базасында сакталып жана иштелип чыгат. Калкты документтештирүү процесси ачык-айкын болуп калды, бул персоналдын жоопкерчилигин жогорулатууга жана документтерди, коррупциялык схемаларды мыйзамсыз берүү жолдорун жана мүмкүнчүлүктөрүн жабууга, жарандарды тейлөө убактысын кыскартууга жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берди.

         МККнын базасында заманбап жана МКТ корголгон инфратүзүм түзүлдү, ал бардык аймактык бөлүмдөрдүн ишин реалдуу убакыт режиминде камсыздайт.