Жарыяланган 26/08/2019
Бишкек шаарынын КТБларында унаа жана кыймылсыз мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрдү алууга, төлөөгө болот

Бишкек шаарынын калкты тейлөө борборлорунда  кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салыктын өлчөмү боюнча эсептөөлөрдү алууга, ошондой эле кассаларда төлөөгө болот.

Кыргыз Республикасынын жарандарында салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн бир нече күн калды. Салык кызматынын аймактык бөлүмдөрүнүн, банктардын филиалдарынын жана почта бөлүмдөрүнүн ишин женилдетүү үчүн бул күндөрү КТБларга борбордун мэриясынын өтүнүчү боюнча МСКнын кызматкерлери кошумча тартылган.

Бул жерде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн бардык категориялары, короо жай-огород участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы боюнча эсептөөлөрдү алса болот. Төлөөнү КТБнын кассаларында кылса болот.

Кызмат алуу үчүн паспортунун, техпаспорттун түп нускасы же көчүрмөсү болууга милдеттүү.

Маалымдама: үстүбүздөгү жылдын 1 – сентябрына чейин транспорт каражатына салык, 2-сентябрга чейин-турак үйлөргө, квартираларга (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (үй алдындагы короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору үчүн) төлөө зарыл.