Жарыяланган 22/08/2019

Бүгүн, 22-августта "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын "Прайсер Бишкек" япон компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.

 Маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча талкууларга "Прайсер Бишкек” уюштуруучусу Томохиро Ишидзу, "Pricer Company” компаниясынын башкы директору Юя Коматсу, каржылоосу Мизухо Мориваки, программист Калыбеков Нурлан, “Инфоком” мамлекеттик ишкананын тарабынан директордун техникалык маселелер боюнча орун басары Кененбаева. А., долбоордук иш жүргүзүү боюнча башкармалыктын башчысы Султанов Ч., программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча башкармалыктын башчысы Абдыкаимов З. катышышты.

Таанышуу жана мындан ары кызматташуу максатында директордун орун басары Кененбаева А. мамлекеттик ишкананын ийгиликтүү ишке ашкан жана мамлекеттик секторго киргизилген  IT-долбоорлору жөнүндө айтып берип көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Прайсер Бишкек" өкүлдөрү мамлекеттик ишкананын иштеп чыккан IT-долбоорлордун  бийик  деңгээлин белгилешти, алардын айтымында Япония мамлекетинде азыркы убакытка чейин кээ бирөөсү жок экендегинин белгилешти.

Мындан ары компаниянын жетекчилери Япониянын эл аралык уюмдарынын колдоосу менен, IT-долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.