"Инфоком" мамлекеттик ишканасы – Кыргызстандагы алдыңкы IT-компания, 2007-жылы уюштурулган, 2009-жылдан тартып КРӨгө караштуу МККнын алдына өткөрүлүп берилген.
2014-2019-жж. – мамлекеттик масштабдагы IT-долбоорлорду активдүү ишке ашыруу
- бардык каттоо кызматтарын автоматташтыруу, Кыргыз Республикасынын Калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин (КБМР) түзүү;
- өлкөдө алгачкы жолу сандардын өзгөчө комбинация менен номерлерине карата сертификаттарды сатып өткөрүү боюнча онлайн аукцион кызматы ишке ашырылган;
- 2017-жыл – ачык жеткиликтүүлүктө болгон portal.srs.kg, Электрондук кызматтар порталы иштелип чыгарылган. Порталда электрондук түрдө алуу үчүн 27 кызмат жеткиликтүү.
Кыргызстанда алгачкы жолу жарандардын биометрикалык малыматтарын колдонуу менен шайлоолор өткөрүлүшкөн
- 2015-жылдын 04-октябры – Кыргыз Республикасынын калкынын реестринде калыптандырылган маалыматтардын негизинде жарандарды идентификациялоонун биометрикалык технологияларын колдону уменен парламенттик шайлоолор;
Жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборлору
- бүткүл республика боюнча 17 ири жана үч кичи КТБлар ачылган жана иш алып барышууда;
- мини КТБларда жарандар паспорт алууга карата документтерин дем алыш күндөрү дагы (ишемби, жекшемби) тапшыра алышат.
Мамкызматтардын алыс жайгашкан калктуу пункттардагы жеткиликтүүлүгү
- өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкка каттоо кызматтарын көрсөтүү боюнча 363 маалымат күркөсү уюштурулган;
- 16 мобилдүү КТБлар (атайын микроавтобустар) иш алып барышууда, алардын максаты болуп калктын аярлуу катмарларына, анын ичинде алыс жайгашкан калктуу пункттарда жашагандарга баруу эсептелет.
Өздүк мамлекеттик номер белгилерин чыгаруу
- 2016-жыл – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Инфоком» МИсине мамлекеттик номер белгилерин даярдоого ыйгарым укуктар берилген, бул алардын баасын бир топ төмөндөтүүгө мүмкүндүк берген.
Улуттук паспортторду өндүрүү
- май, 2017-жыл – жаңы муундагы паспортторду – Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук идентификациялык карталарын ишке киргизүү боюнча долбоор башталган. еID-карта жеке жана биометрикалык маалыматтарды жазуу үчүн кошо орнотулган чипти пайдалануу менен коргоо элементтерине ээ.
Мамбюджетке которуулар
- “Инфоком” МИси тарабынан мамлекеттин бюджетине салыктар жана социалдык чегерүүлөр түрүндө төлөнгөн жалпы сумма 577 409 101,04 сомду түзүп турат.
Ишке ашырылган IT-долбоорлор
- «Инфоком» МИде элүү үч IT-долбоорлорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2014-жылдын 12-майында премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин тескемеси менен Талант Абдуллаев "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган.