Жарыяланган 13/12/2018
МККнын кызматтарынан ишембиде жана жекшембиде колдонгун!

Бишкектин жашоочуларына ишемби жана жекшемби күндөрү паспорт алуу, ПИН алуу, eID-картадагы чиптен көчүрмө алуу, жашаган жери боюнча катталуу жана «балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга карата арыз тариздетүү мүмкүндүгү берилүүдө.

2017-жылдын февраль айынан тартып борбор калаабыздын Ленин, Биринчи май, Свердлов райондорунда жайгашкан «Ташрабат», «Глобус» жана «Азия Молл» соода борборлорунда мини Калкты тейлөө борборлору иштей ташташкан эле. Алардын негизги максаты жумуш күндөрү колу бошобогон жарандарга шарттарды түзүү жана ири КТБлардагы кезекти азайтуу эле.

10 ай ичинде 16 миң кыргызстандыктар кызматтардан колдонушкан, бул ири КТБларга келүүчү жүктө төмөндөтүүөгө мүмкүндүк берген. Бардык филиалдар документтерди кабыл алуу, ордунан акы төлөө жана фотосүрөткө тартуу үчүн керектүү техникалык жабдуулар менен толук жабдылышкан.

Мини КТБлар шейшембиден тартып жекшембиге чейин саат 10.00дөн 19.00гө чейин ачык болушат.

Даректери:

«Ташрабат», Горький көч., 1 «Г»

«Глобус», Чүй пр., ЖЭБдин каршысы

«Азия Молл», Ч.Айтматов пр., 3

«Глобус», Ак-Босого ж/к, Профессор Зима көч., 204/3.