Жарыяланган 06/12/2018
Ош шаарында Калкты тейлөө борбору кайрадан форматталды

Ош ш. Калкты тейлөө борборунда ребрендинг жүргүзүлдү - иштөө форматы, имараттарды пландаштыруу, бөлүштүрүп отургузуу жана жарандарды кабыл алуунун башкы шарттары шайкештикке алынып келинди. Оштогу КТБ аймактардын ичинен адамдардын келүүсү боюнча эң ири КТБ болуп саналат, бул жакка Кара-Суу, Араван райондорунун жана кошуна областтардын жашоочулары көп келишет. Жаңыртылган КТБда электрондук кезек ишке киргизилген, документтерди кабыл алуу боюнча адистер унификацияланышкан, кызматтарды алуу процесси схемалуу түрдө бөлүштүрүлгөн. Жумуш орундары жана күтүү залы жаңы эмерек менен жабдылган. Айрым жерлер оңдолуп, дизайнерлик жумуштар аткарылып, электромонтаждоо иштери жарык берүү багытында кайрадан жасалып чыккан. Мурдагы жумуш зоналары адамдардын көп топтошуп кетүүсүнө алып келип, отуруучу орундар жетишпей, имарат жарык жетпегендиктен ыңгайсыз болуп көрүнүүчү. Документтерди кабыл алуу эскиче жүргүзүлүп, хаос кырдаалды жаратчу. Эми болсо иш жөнгө салынып, электрондук кезек ишке киргизилип, кире берүүчү бөлүктө сурап-билүү жана фото кызматы жайгаштырылып, касса терезелери көбөйтүлгөн.