Жарыяланган 03/12/2018
«Инфоком» мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын майыптарына жалпы суммасы 40 миң сомго кайрымдуулук жардамын көрсөттү

Даректүү жардам муктаж болгон 10 үй-бүлөгө: БЦП майыптыгы менен балдарды тарбиялоочу жалгыз бой энелерге, майыптыгы бар эки небересин багып жаткан чоң энеге, ошондой эле оор абалдагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар үй-бүлөлөргө көрсөтүлдү.

Мындай жардам алууга муктаж үй-бүлөлөрдүн тизмеси Кыргыз республикасын майыптар коому тарабынан сунушталган. «Инфоком» МИси жыл сайын ДМЧАларга материалдык жардам көрсөтүп келүүдө.

Калкты тейлөө борборлорунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 10 кызматкер эмгектенет. Эл аралык майыптар күнүнө карата мындай кызматкерлердин ар бирине 10000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

2016-жылдан тартып «Инфоком» МИсинин мобилдүү топтор борборунун иш алып баруусунан улам 2 миңден ашуун социалдык жактан аярдуу жарандар (карылар үйүнүн жашоочулары, УАС ардагерлери, ДМЧАлар, ошондой эле жетимде жана балдар үйүнүн тарбиялануучулары) үйүнөн чыкпастан акысыз паспортторду ала алышкан. Алсак, Беловодское а. балдар психоневрологиялык интернат үйүнүн 15 тарбиялануучусу өз паспортторун алышкан. алар мурда атайын транспорт жалдап жана кезекте күтүп отурууга туура келүүчү.

«Инфоком» МИси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жардам көрсөттү