«Инфоком» мамлекеттик ишканасы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн урматына бир катар иш-чараларды өткөрдү.
«Инфоком» МИнин борбордук аппаратынын жана Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты. Катышуучулар мемориалдарга гүлчамбарларын коюшуп, көрүнүктүү жазуучу Ч.Т.Айтматовго жана 1916-жылдын трагедиялуу окуяларынын жүрүшүндө, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында курман болгондорго, 1937-38-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарына арнап куран окушту.
Республиканын 18 калкты тейлөө борборунда Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн мамлекеттик ишмерлери тууралуу маалыматтык стенддер уюштурулду. Тегерек столдор, 2010-жылдагы Апрель революциясында курман болгондордун тууган-туушкандары менен жолугушуулар уюштурулду.
«Ата-Бейиттин» пайда болуу тарыхы:
2000-жылы 30-жылдардагы репрессиялардын курмандыктарынын жаркын элестерине арнап курулган.
1938-жылдын 5 жана 8-ноябрында Чүй областынын Чоң-Таш айылына жакын, «Ата Бейит» турган жерде 137 кыргызстандык атылган. Алардын ичинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнөн өнүгүүсүнө эбегейсиз салымдарды кошушкан атактуу инсандар бар эле: Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Асанбай Жамансариев, Чекуш Сулейманов жана башкалар.
Бардыгы болуп Кыргыз ССРинде 30-жылдарда бир нечен миңдеген адамдар репрессияланышкан. Саясий репрессиялардын курмандыктарын актоолор 1854-жылы башталган.