Жарыяланган 17/10/2018
Кыргызстанда төрөлүү, никелешүү жана ажырашуу саны жогорулоодо

2018-жылдын 9 айы ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, паспорт жана ЖААК автоматташтырылган маалыматтык тутумдарынан алынган маалыматтарга ылайык төрөлүү, түзүлүп жаткан никелешүүлөрдүн жана ажырашуулардын саны жогорулаган.

Бул жылы 98 000 бала төрөлгөн, өткөн жылга салыштырмалуу бул 37 000 балага көп. Никелешүүлөр саны 16 000ден 30 000 жаш жубай-жуптарга чейин өскөн. Ажырашуулар жогорулаган - 7 500, 2017-жылы - 5 000.

"Сүйүнчү" бир жолу төлөнүүчү жөлөкпулун төлөө ишке киргизилгендигинин башталышынан тартып КТБларда 55 000 билдирме тариздетилген.

Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгөн - 61 000. Өткөн жылы ИЖН алуу үчүн 135 000 жаран кайрылган эле.

754 бала асырап алынган, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине караганда 125 балага көп болгон. Аталыгын аныктоо көрсөткүчтөрү дагы жогорулаган (13 585 - 2017-жыл, 16 634 - 2018-жыл).