Жарыяланган 12/10/2018
6 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына 3,9 миллион паспорттор даярдалган

МККга караштуу «Инфоком» МИге караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борбору тарабынан 2012-жылдын 12-октябрында ачылган күнүнөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын 3,9 миллион паспорту даярдалган. Бир күн ичинде МПБ 2000 eID-карт жана 1500 жалпы жарандык паспортторду даярдайт.

2012-жылдан тартып 2018-жылга чейин даярдалгандар:
2004-жылдын үлгүсүндөгү ID-карт – 1 800 000ден ашык
2017-жылдын үлгүсүндөгү eID-карт – 900 000
жалпы жарандык паспорттор (чет өлкө паспорттору) - 1 200 000

2015-жылдагы паспорт тутумунун процесстерин автоматташтырууга өтүү документтер тизмегин, тариздетүү мөөнөттөрүн Бишкек шаары боюнча 3 саатка чейин кыскартууга мүмкүндүк берген. Анкеталык маалыматтарды текшерүү электрондук базада жана манжалардын издери боюнча автоматтык түрдө жүргүзүлөт, бул жасалма кагаз документтерин берүү жана башка адам тарабынан тарифздетүү мүмкүндүгүн болтурбайт. Өндүрүштөгү адистер жабдуулардын оң болушуна, мөөнөттөргө жана сапатына көз салып турушат. Биометрикалык паспортторду ишке киргизгенге чейин ID-карталарды кол менен кесүүгө жана бланктарда келип түшкөн анкета-арыздарды текшерип чыгууга туура келчү.

Өткөн жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда биометрикалык паспортторду алууга мүмкүн болуп калган, бул жарандар үчүн документтештирүү процессин жөнөкөйлөштүргөн. Жаңы документ коргоонун отуз элементи бар болгон 3 деңгээлине ээ, мурунку паспорттор жети коргоо элементи бар болчу. Жаңы паспорттордо биометрикалык, жеке маалыматтары жанажарандын санариптик колтамгасы бар болгон чип бар. Документ МККнын онлайн кызматтарына кирүү мүмкүндүгүн берет.