Жарыяланган 12/10/2018
Биздин команда: Максат Эргешов - Мамлекеттик персонификациялоо борборунун жетекчиси
12-октябрда «Инфоком» Мамлекеттик персонификациялоо борборунун (МПБ) ачылган күнүн майрамдайт. Биз жетишилген ийгиликтер жана жүргүзүлгөн реформаларыбыз менен сыймыктанабыз. Бүгүнкү күндө ID-карталарды адамдар басып чыгарбастан, машинадан чыгарылат, өндүрүш тутуму документтерди кабыл алуудан тартып арыз берүүчүнүн колуна тапшырылганга чейин автоматташтырылган. алты жылдын ичинде 4 миллион паспорт чыгарылган.
 
Ушул күнгө карата биз өндүрүштөгү эң башкы адам тууралуу айтып беребиз:
 
Максат Эргешов - Мамлекеттик персонификациялоо борборунун жетекчиси
 
Максат 31 жашта, билими боюнча юрист. Биздин ишканабызда 2012-жылдан тартып эмгектенет. Жарандардын паспортторун өндүрүүгө жоопкерчилик тартат. Документтер так персонификацияланып, сапаттуу басып чыгарылып жана өз мөөнөтүндө жеткирилгендей кылып ишти жетектейт. Жоопкерчиликтүү, демилгелүү, активдүү жана ар тараптуу. ишиндеги көрсөткүчтөрү үчүн жана адамдык сапаттарынан улам аны кесиптештери жана кол алдындагылай сыйлап турушат. Анын аракеттеринен улам борбордун жамааты ишканадагы эң бир ширелишкен жана коомдук жана маданий ишмердиктеги жигердүү жамааттын бири болуп саналат.
 
Иш тууралуу
 
Өз ишимде мен баарынан көбүрөөк бизлин ынтымактуу жана ширелишкен жамаатты сүйөмүн. Жетекчилигибиз болсо бардык башталмаларды дайыма колдоп турушат.
Мен үчүн эң татаал нерсе - идеялады ишке ашыруу үчүн убакыттын жетишсиздиги, артыкчылыктарды коюштурууга туура клдгендиги.
 
Өзү тууралуу
 
Мен үй-бүлөдө ортоңку баламын, ошондуктан менде эркелик жок. Үйлөнө элекмин, үй-бүлөлүк жашоонун жыргалчылыктары али алдыда.
 
Бош убактымда китеп окуймун. Кыргызстанды кыдырып, жаратылышка кубанганды жакшы көрөмүн.
 
Өмүрүмдөгү эң кымбат нерселер, албетте ата-энем.
 
«Инфокомдогу» карьерасы
 
МПБнын паспортторду өндүрүү тобунун улук оператору - 2012-ж.
МПБнын паспортторду өндүрүү боюнча тобунун начальниги - 2015-ж.
Транспорт каражаттары үчүн номер белгилерин даярдоо боюгчп борбордун жетекчиси - 2016-ж.
Мамлекеттик персонификациялоо борборунун жетекчиси - 2017-ж. тартып.
 
«МККнын отличниги» төш белгиси
КР Премьер-министринин Ыраазычылык каты
«Инфоком» МИнин Ардак грамотасы
«Инфоком» МИнин 2016-жылдын Мыкты жетекчиси.